18

Октябрь

2021

Нарын шаарынын Төш-Булак аймагына ашар жолу менен таза суу чыгарылды

Нарын шаарынын Төш-Булак аймагындагы таза суу жетпеген 24 түтүн жашоочулардын маселеси чечилип, ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен ашар ыкмасында таза суу чыгарылып берилди. 

Белгилей кетсек, жашоочулар жай айында облус жетекчисине арыз менен кайрылышкан. Жагдайды жеринде көрүп, тоо боорундагы булактан суу тартып келсе болоорун түшүнгөн ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев маселени ашар жолу менен бүткөрүүнү демилгелеп, ишти тез арада колго алууну Нарын шаардык суу-канал ишканасына тапшырган. Ошондой эле каражат булактарын караштыраарын убада кылган. 

Облус жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырып ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн негизги өнөктөшү болгон Борбордук Азия университети 266 миң сомдук колдоо көрсөттү. Бул каражатка  суу тартууга керектүү жабдуулар алынды. Мындан сырткары Нарын суу-канал ишканасы тарабынан 100 миң сомдун жабдуулары жумшалып, болгон  жумуштары Нарын суу-канал ишканасынын кызматкерлери, жумушчулары тарабынан жасалды. Натыйжада бир айдан ашык убакыттын ичинде тоонун боорундагы булактан 1 чакырымдан ашык аралыкка түтүктөр тартылып,  тургундарга ичүүчү суу жеткирилди. 

Маалымат үчүн айта кетсек, бул аймак бийик жерде жайгашкандыктан таза суунун басымы жетмек эмес. Ошол себептен суу түтүктөрү тартылбай, тургундар булактан суу ташып ичишчү. Нарын суу-канал ишканасынын башкы инженери Майрамбек Сакыбаевдин айтымында,  долбоорун даярдап суу тартып келүү үчүн көп убакыт жана бери дегенде 5 миллион сом каражат талап кылынмак. Ашар жолу менен жана  тендерсиз жасаган үчүн 300 миң сомдон ашык каражатка гана тез арада элге суу жетип олтурат. Бул система суу-канал ишканасынын карамагына кирбегендиктен тургундар жоопкерчилигин алып, өздөрү көзөмөлдөп  туруулары керек. 

Бүгүн, 18-октябрда таза суу системасы салтанаттуу ачылып, иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өнөктөштөр, аймак тургундары катышты. 

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев ашар жолу менен ийгиликтүү бүткөн иш үчүн Борбордук Азия университетинин жетекчилигине, Нарын суу-канал ишканасынын жамаатына жана тургундарга ыраазычылык билдирип, мындай иш-аракеттерди жайылтуу керектигин белгиледи. Муну менен катар суунун резервуарын жакшылап тосуп, көзөмөлдөө керектигин тапшырды. 

Аймак тургундары канча жылдардан бери чечилбей келген маселенин түйүнүн чечкен облус жетекчисине ыраазычылык жолдошту. Учурда тургундар чыккан сууну үйлөрүнө киргизип алуу аракетинде. Мындай жагдай тиричиликти ого бетер жеңилдетээри анык. Буга чейин 7-8 үй-бүлө сууларын үйүнө киргизүүгө жетишкен. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.