23

Октябрь

2021

Нарында мамлекеттик кызматкерлер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

23-октябрда Нарын облусундагы мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү. 

Спорттук мелдеш Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1-Жарлыгын аткаруу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери ортосундагы достук мамилени бекемдөө максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен уюштурулду.

Спорттун футбол, волейбол, шахмат жана аркан тартыш түрлөрү боюнча уюштурулган мелдешке Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондук мамлекеттик администрацияларынын, Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери катышты. 

Жеңүүчүлөр 1-2-3-даражадагы дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 

Мелдеште мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга да атайын сыйлыктар ыйгарылды.

Бул спорттук иш чара мындан ары жыл сайын салт катары өткөрүлүп тураары белгиленди. 
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.