23

Ноябрь

2021

Облус башчысы Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту. 

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаадагы мекеме-ишкана жетекчилери катышып, тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр талкууланды.

Жашоочулардын басымдуу бөлүгү аймактын Курорт, Курорт Подхоз участкаларындагы 700дөн ашуун турак үйдүн кызыл китеби жоктугу, бир катар маселелерди жаратып келээрин айтышты. Ага себеп, 1988-жылы аталган участкаларда ӨКМдин корутундусу менен жер көчкү коркунучу бар аймак катары табылган. Турак үйлөрдүн жеке коду жок болгондуктан, Түндүк электрондук базага киргизилбей, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алууда көйгөй жаратып жатканы көтөрүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев  аймактык башкармалыктын кооптуулук жараткан участкаларында тийиштүү адистер тарабынан текшерүү иштери жүрүп, тез аранын ичинде анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынаарын айтты. 

Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, аймактардагы тургундардын көйгөйлөрүн чечүү аракеттери колго алынып, жер-жерлерде жолугушуулар улантылаарын кошумчалады.