07

Ноябрь

2021

Нарында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн утурлай бүгүн Нарын шаарында эскерүү иш чарасы өткөрүлдү. 

Иш чарада кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, ɵсүп-ɵнүгүшү үчүн кан-жанын берип, тарыхта татыктуу из калтырып кеткен ата-бабалар эскерилип, алардын жаркын элесине арналып куран окулду. 

19-кылымдын башында кыргыздан чыккан баатыр, мекенчилдиктин жана атуулдуктун чыныгы үлгүсү Тайлак баатырдын, Октябрь революцияынын женишине зор салымын кошкон Таабалды Жукеев-Пудовкиндин жана мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин айкелдерине  гүлчамбарлар коюлду. 

Эскерүү иш чарасында Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн мааниси терең экендигин баса белгилеп, кыргыз тарыхынын ар бир доорунда кыргыздын жүрɵгүндɵ жалыны бар мекенчил уулдары эл-жерибизди душмандардан коргоп, мамлекеттүүлүгүбүз үчүн күрɵшүп олтуруп ушул күндү бизге жеткиришкенине токтолду. 

Кыргыз тарыхынын акыркы жүз жылдыгын эле алсак, Улуу Үркүн окуясы, Октябрь революциясы, 1937-1938-жылдардагы репрессия, Улуу Ата Мекендик согуш, Эгемендикти алгандан кийинки революциялар кыргыз элинин тагдырын, турмушун түп тамырынан бери ɵзгɵрткɵн урунттуу окуялар болгонун, ата-бабаларыбыз ошол окуяларда мекенди коргоо, элдин жыргалчылыгы, намысы, эркиндиги үчүн кашык каны калганча салгылашып, жаркын келечекке жол ачып беришкенин сыймыктануу менен эскерди.  

Облус жетекчиси муну менен катар: “Биз кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыз эли үчүн жанын курман кылган ата-бабаларыбызга түбɵлүк таазим этип, алар түзүп берген жаркын жашообузду, эгемендигибизди, мамлекетибизди кɵздүн карегиндей аздектеп, кийинки урпактарга ɵткɵрүп берүүгɵ, ушул күндүн маанисин жаш муундарга туура түшүндүрүүгɵ милдеттүүбүз!”,-деп белгиледи.  


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма соз кызматы.