23

Ноябрь

2021

Облус жетекчиси элдин документтерге болгон көйгөйлөрүн жеринде чечүү аракетинде

 Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Нарын облусунун калкынын жерге болгон укуктарын түшүндүрүү, жарандардын өздүк (метрика, паспорт) жана турак жайларынын документтери боюнча маселелерин жеринде чечип берүү, жер аянттарын мыйзамдаштыруу боюнча жер-жерлерде облус жетекчисинин эл менен жолугушуулары өткөрүлүп жатат.

Бүгүн, 23-ноябрда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев  Нарын районунун  Чет-Нура айыл өкмөтүндө эл менен жолукту. 

Жолугушууда облус жетекчиси 8 айылдан турган Чет-Нура айыл өкмөтүнүн калкынын көйгөйлөрүн укту. Облус жетекчисине пенсия, пособие алуудагы, турак үйлөрдү каттоодогу маселелерден сырткары жолдун начар абалы, Ийри-Суу айылына мектеп куруу зарылдыгы сыяктуу көйгөйлүү маселелер айтылды. Ошондой эле айыл тургундары облустун өнүктүрүү фондуна долбоорлорду кантип даярдоо керектиги, жеңилдетилген насыялар кандай шарт менен берилээри тууралуу суроолорго жооп алышты. 

Жыйынга тиешелүү облустук жана райондук мекеме жетекчилери катышып,  бир катар көйгөйлөр жеринде чечилди.

Жыйында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын районунун акимине, мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине элдин бардык көйгөйлөрүн көзөмөлгө алуу менен калкты убара кылбай жерге байланыштуу документтерин, турак үйлөрдүн техпаспортторун, кызыл китептерди, жарандардын өздүк документтерин убагында бүткөрүүнү тапшырды. Көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер 2022-жылдын 1-апрелине чейин жөнгө салынышы керектигин милдеттендирди. 

Жыйында эмдөө иштерин колго алуу, алдыда турган шайлоо өнөктүгүн таза, ачык, уюшкандыкта өткөрүп алуу боюнча да милдеттер белгиленди.

Айрым маселелерди облус жетекчиси жеринде көрдү. 


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.