28

Ноябрь

2021

Нарын облусундагы бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү башталды

Бүгүн, 28-ноябрда эртең мененки саат 8.00до Нарын облусунун бардык аймактарындагы шайлоо тилкелери ачылып,  добуш берүү башталды. 

Кыргыз Републикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарындагы №4067-шайлоо участкасында үй-бүлөсү менен биринчилерден болуп барып добушун берди. 

Шайлоо тилкесине барган учурда облус жетекчиси шайлоочуларды иш чаранын ачылышы менен куттуктап, мамлекетибиздин келечеги элибиздин бүгүнкү тандоосунан көз каранды экендигин, андыктан жарандарыбыз шайлоого жигердүү катышып, өздөрүнүн добушун ачык-айкын берүүлөрү зарылдыгын белгиледи. 

Муну менен катар ыйгарым укуктуу өкүл: “Президентибиздин тапшырмасы жана аракети менен биринчи жолу өлкөбүздө Жогорку Кеңештин депутаттарын таза, ачык, мыйзам чегинде шайлоо өткөрүлгөнү турат. Үгүт иштеринде мамлекеттик кызматкерлер аралашкан жок. Бул жагын укук коргоо, тартип сактоо кызматкерлери менен бирге катуу көзөмөлгө алдык. Шайлоонун жүрүшүндө дагы эч кандай мыйзам бузууларга жол берилбеши керек. Административдик ресурс колдонулбайт. Шайлоочулардын коопсуздугу үчүн бардык коопсуздук жана санитардык шарттар түзүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамдуулукту сактоо, ынтымак жана жогорку деңгээлдеги уюшкандык менен өткөрүлөт деген ишеничтемин”,-деп билдирди. 

Нарын облусунда 169 шайлоо тилкеси ачылган. Жалпы бир мандаттуу округ боюнча 208804 шайлоочу, ал эми бирдиктүү округдан 206505 шайлоочу добуш берет. Бардык шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого жигердүү катышууга чакырабыз!!!

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.