17

Май

2022

14- майдагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн 17-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун   жетекчилиги астында 14- майдагы селдин кесепеттерин  жоюу  боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Бакай-Ата жана Кара-Буура  райондорунун  тийиштүү жетекчилери   жана “Альянс Алтын”  өнүктүрүү фондунун  кызматкерлери катышты.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Бакай-Ата районун  боюнча  селдин кесепеттерин  жоюуга жана дыйкандардын селден  жабыркаган айдоо аянттарын  кайра себүү иштерине 347 миң,  Кара-Буура району  боюнча 127  миң сом  акча каражаты керектелери  маалым болду.
 Мындан тышкары, Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы  сел жүрүүдөн  улам жараксыз абалга  келген таза суу системасын  убактылуу  калыбына келтирүүгө 100 миң сом,  аталган  айылдын  таза  суу маселесин комплекстүү чечүү  максатында  1 миллион  400 миң сом  керектелери аныкталган.
 Аталган чыгымдар алдын ала  эсептелип  “Альянс Алтын” фонду аркылуу  каржылоо чечими кабыл алынды. Фонддун директору Батыр Качкынбаев,   баардык  зарыл болгон  иш аракеттерден   кийин  каражаттар  тийиштүү  жактарга бөлүнүп берилерин  айтты.
Ошондой эле,   селден жабыркаган каналдардын жээгин бекемдөө иштери үчүн Талас облустук суу чарба   башкармалыгына  4,5 тонна  күйүүчү май  “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду   тарабынан   бөлүнүп берилет.
Каналдарды жана жолдору калыбына келтирүүгө  Кара-Буура районуна ӨКМдин Талас облустук башкармалыгы тарабынан 1 тонна күйүүчү май, Бакай-Ата районуна  “Альянс Алтын”   өнүктүрүү фонду тарабынан  2 тонна күйүүчү май бөлүп берүү  чечими кабыл алынды.
Облус башчысы  Бакытбек Нарбеков,  бөлүнгөн акча каражаттар   максаттуу пайдаланылып  тез аранын ичинде  селдин кесепеттерин жоюуну  тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринен талап кылды.
Белгилей кетсек,16-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, 14- майда  катуу жаандан улам сел жүрөгүн  аймактарга барган. Облус башчысы,  селдин кесепеттери менен  жакындан  таанышып айдоо аянттарды жабыркаган   дыйкандарга   кайра айдап себүүгө  үрөн жана   күйүүчү май акысыз берилерин  жана  селдин  кесепеттери  ыкчам түрдө комплекстүү чечилерин айткан.