11

Май

2022

Талас облусунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун жана  Талас облусунун өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эмир Тыныбековдун   катышуусунда Фонддун  байкоочу кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.  Отурумдун жыйынтыгында төмөндөгү долбоорлорду каржылоо чечими кабыл алынды:
1) Бакай ата районунун, Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият, Үрмарал, Кызыл-Октябрь, Ташкудук, Көк-Таш айылдарына таза суу тартуу жана "Бака-Таш 3" каналынын 750м. бетондоо, 2250м. тазалоо;  
2) Бакай ата районунун, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн Б.Жунусов атындагы о/м. чатырын которуу;
3) Бакай ата районунун, Боо-Терек айыл аймагынын Н.Молдалиев бала-бакчасына актовый зал ж/а ашкана куруу;
4) Кара-Буура районунун, Аманбаев айыл өкмөтүнүн Өрткө каршы кызматынын бөлүмчөсүн куруу;
5) Кара-Буура районунун, Шекер айыл өкмөтүнүн Газ түтүкөрун орнотууга курулуш материалдарын алуу;
6) Кара-Буура районунун, Бакыян айыл өкмөтүнүн Камаш айылына трансформатор (ТП 250) орнотуу;
7) Кара-Буура районунун, Чолпонбай айыл өкмөтүнүн Маданият үйүн куруу
 8 ) Кара-Буура районунун, Маймак айыл өкмөтүнүн Чөп түктөөчү (пресс-подборщик) техникасын алуу;
9) Манас районунун, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн М.Рахманбердиев атындгы о/м. чатырын, электр сиситемасын оңдоо;
10) Манас районунун, Кайынды айыл өкмөтүнүн Нылды айылындагы Ө.Исраилов атындагы о/м. эмерек алуу
11)  Талас облусунун юстиция башкармалыгынын Бакай-Ата жана Кара-Буура райондук райондук мамлекеттик нотариалдык кеңселерин оңдоп түзөө;
12) Талас шаардык мэриясы Тигүүчү фабрика куруу (1000 жумушчу орундуу).
Эске салсак, Талас облусунун өнүктүрүү фонду 2016-жылы түзүлгөн.
Фонддун негизги максаты шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат.