18

Май

2022

Улуттук филармониянын жамааты Ысык-Көл облусунун тургундарына чоң программадагы концерт тартуулашты

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жалпы жамааты Ысык-Көл облусунун тургундарына чоң программадагы концерт тартуулашып, ыр-күү сунушту. Бул иш-чара КР Президенти С.Н. Жапаровдун  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык жана Каракол шаарынын КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланганына байланыштуу өткөрүлдү.


Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга 85 жыл толгондугуна байланыштуу жалпы жамаатты куттуктап, филармонияда эмгектенген маданият өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.