30

Май

2022

Ысык-Көл облусунун башчысынын эшиги ар бир жаран үчүн ачык

Мындан ары Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов жарандарды жуманын иш күндөрү ар дайым кабыл алат. Эми Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу үчүн белгиленген күндү күтүп, кезекке турмай жок болот. 


Облус жетекчиси А.Сулайманов тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берип, ар бир жаран тоскоолдуксуз жолугушууга кирип туруусун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. 
“Буга чейин бейшемби күнү жарандарды кабыл алуу күнү болчу экен. Мен да бул эрежеге баш ийип иштеп көрдүм, бирок карапайым калкка кыйынчылык туудуруп жатканыбызды түшүндүм. Биз элдин кулу болушубуз керек. Жуманын бир күнүнө жолугушуу кылып, жаш балдары барлар, карыган ата-апалар келип, кезекте туруп калышууда. Бул туура эмес көрүнүш. Мындан ары жуманын кайсы күнү экенине карабастан мага жолугушууга келген ар бир жаранды кабыл алууга даярмын”,- деди А.Сулайманов. 


Эскертүү: Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү иш сапарларында болуп калышы мүмкүн, ошондуктан алгач 03922 5-14-15 номери аркылуу байланышып тактап алуу максатка ылайык.