01

Июнь

2022

Таласта 1-июнь балдарды коргоо күнү белгиленди

Бүгүн, 1-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Талас шаардык Атай  Огонбаев   атындагы  музыкалык мектебинин алдында  салтанаттуу  иш-чара болуп өттү.
 Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков   катышты. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө: Чыныгы бактылуу бала сүйүктүү үй-бүлөдө гана чоңойо алат. Мындай бала өзүнө ишенген, эрктүү адамга айланат.
Урматтуу ата-энелер, чоң апалар, чоң аталар, балдар менен иштөөгө өзүн арнагандар!
Сиздерге жана балдарыңыздарга чын жүрөктөн тынчтык, жакшылык, бакубатчылык, бакыт жана кубаныч каалайм.
Келгиле, балдарыбызды баалап, сүйөлү!"- деди.
 Иш чаранын алкагында Талас шаарынын борбордук аянтында  билим берүү жарманкеси уюштурулду. Ага баардык облустардан  окутуу борборлорунун өкүлдөрдү  Германиянын  DVV international уюму, Кыргыз чоңдорду окутуу ассоциациясы,  “мугалим” коомдук фонду  катышты.
 Соңунда  Талас шаарындагы бала бакчаларга белектер тапшырылып, балдар үчүн атайын    концерт тартууланып   сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп акысыз   балмуздак таркатылды.