09

Июнь

2022

Жалал-Абад облусунда 11 миң 242 бүтүрүүчү мектепти аяктады

Бүгүн, 9-июнь күнү, Жалал-Абад облусунун аймактарындагы 465 мектепте акыркы коңгуроо салтанаттары өттү. Бул жылы облуста 9-классты 19 миң 581, ал эми 11-классты 11 миң 242 бүтүрүүчү аяктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы №90 “Манас” атындагы орто мектебине барып, мугалимдерди, окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады. 

Өкүлдүн орун басары окуу жылынын ийгиликтүү аякташы жана мектеп жамаатынын жетишкендиктерин белгиледи. Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, билим алуудан талбай, мыкты кесип ээлери болуусун каалады.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана ата-энелер катышты.