13

Июнь

2022

Көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн 13-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) жана электрондук эсеп фактурага боюнча  каршы пикирин билдирип келген,  жеке ишкердик менен  алектенген адамдардын тобун  менен жолукту. Жолугушууга  ыйгарым укуктуу өкүлдүн 1-орун басары Канымет Осмонбеков жана  Талаш шаардык, райондук  салык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Ишкерлер көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) жана электрондук  эсеп фактураны жакшы түшүнбөй жаткандарын айтып   мурдагыдай эле патенттик  система менен  иш жүргүзүү  кыйла жеңил экенин белгилешти.

Облус жетекчиси жана салык башкармалыктардын башчылары   ишкерлердин бир нече суроолоруна жооп берип тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин  Төрагасы Акылбек Жапаровдун,  Бишкек  шаарындагы көзөмөл-кассалык машинага (ККМ)   жана электрондук  эсеп фактурага  боюнча  каршы пикирин билдирип келген жарандарга берген  убадасына ылайык  тийиштүү чечим чыкканга чейин  ККМ маселеси 10 күнгө   артка жылдырылды.