10

Июнь

2022

Табигый кырсыктан жабыркагандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан жардам берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан быйылкы жылдын жаз мезгилинде Нарын облусунун аймагындагы табигый кырсыктардан жапа чеккен 2 мамлекеттик имаратка жана 2 жеке турак-жайга 946 миң 720 сом төлөнүп берилди. 

Каржыланган каражаттын күбөлүктөрү бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин катышуусунда тапшырылды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10 майында ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге жеткен катуу шамал болуп, анын кесепетинен бир катар турак-жайлар материалдык чыгымга учураган. Бүгүн ошол табигый кырсыктан жабыркаган Нарын мамлекеттик университетинин имаратына 885 миң 537 сомдун, Нарын райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратына 13 миң 700 сомдун, ошондой эле Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Таалайбек Токтобековдун турак үйүнө 28 миң 100 сомдун күбөлүктөрү берилди. Буга чейин Нарын районунун Ак-Кудук айылынын тургуну Айылчиев Бактыбек жаз алдында үйү селден жабыркаганы үчүн 19 миң 800 сомдун күбөлүгүнө ээ болгон.  

Иш чарада облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев башка өлкөлөрдө мамлекеттик камсыздандырууга олуттуу мамиле жасалгандыктан кепилдик жана ишеним чоң экенин, биздин элибиз да камсыздандыруу маселесине маани берип, турак-жайларын, автоунааларын камсыздандырышы керектигин белгилеп, “кырсык болбой эле койсун, бирок болуп калган шартта камсыздандырылган турак-жайларга чоң эле колдоо көрсөтүлөт”,-деген пикирин билдирди.   

НМУнун проректору Нарынкүл Чоробаева мекеменин имараты табыгый кырсык болоордон 2 ай мурда камсыздандырылып, 5 миң сом каражат камсыздандыруу уюмуна төгүлгөнүн, ал эми бүгүн окуу жайдын имаратынын чатырына кеткен материалдык чыгымдын орду толтурулуп, 885 миң сом берилип жатканын айтып, ыраазычылык жолдоду. 

Ал эми Кеңеш айылынын тургуну Таалайбек Токтобеков камсыздандыруу үчүн жылына болгону 600 сом төлөп жүргөнүн, кырсык болгондо 28 миң сом алганын айтты. 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директору Арстанбек Алымканов билдиргендей, жылдан жылга элибиз мамлекеттик камсыздандыруунун зарылдыгын түшүнүп, турак-жайын, автоунааларын, мамлекеттик жана менчик имараттарды камсыздандыргандардын саны көбөйүүдө. Учурда облус боюнча 5434 турак-жай, 31 автоунаа, 89 мекеме-уюм камсыздандырылган. Шаар жериндеги турак-жайлар үчүн жылына 1200, айылдагы турак-жайларга 600 сом, ал эми мекеме-уюмдардын имараттарынын чарчы метрине жараша келишим баа менен төлөм алынат. Буга чейин кырсыктан жабыркаган турак-жайларга жалпы 3 миллион сомдон ашык каражат камсыздандырылып берилген. Камсыздандыруу мекемеси  мамлекеттик камсыздандыруунун 8 түрү менен иш алып барат. Анын ичинде имараттарды, автоунааларды, кен казуу обьектилерин, жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жана башка түрлөрү бар. Айрыкча чоң-чоң менчик имараттарды, соода түйүндөрүн, базарларды, ресторандарды камсыздандырууга менчик ээлери көбүрөөк кызыкдар болууда. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.