09

Июнь

2022

Нарында "Акыркы коңгуроо" аземдери салтанаттуу өткөрүлдү

9-июлда Нарын облусундагы бардык орто мектептерде “Акыркы коңгуроо” аземи салтанаттуу өткөрүлдү.

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарындагы №7-М.Сыдыков атындагы орто мектепте уюштурулган майрамдык иш чарага катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Ыйгарым укуктуу өкүл С.Ашимбаев өз сөзүндө: “Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Сиздер мамлекетибиздин негизги байлыгы, үмүт-тилеги жана келечегисиздер! Өлкөбүздүн жаркын келечеги сиздердин колуңуздарда. Ошондуктан сиздер терең жана ар тараптуу билим алууга, чет тилдерди үйрөнүүгө, ар кыл заманбап кесиптик билимдерди өздөштүрүүгө, мекенчил, намыскөй инсандардан болууга милдеттүүсүздөр!!!

Биздин өлкөбүздүн жарандары башка өлкөлөрдүн жарандары менен билими, акылы жагынан атаандаш болууга тийиш. Дүйнөлүк атаандаштыкка чыгуу, башка мамлекеттер менен теңтайлаш өнүгүү үчүн жаштарыбызга татыктуу билим берүүгө баарыбыз: педагогдор, ата-энелер, жаштарыбыз бирдиктүү аракет кылуубуз керек.  

Бүгүнкү күндө Президентибиз урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров негизги көңүлдү билим берүү тармагын реформалоого  буруп, мамлекеттини каражатынын көп бөлүгүн ушул тармакка салып жатканы бекеринен эмес. Себеби кийинки мезгилдерде Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткени баарыбызга белгилүү. “Балдар үчүн салынган инвестиция кайтарымдуу” дегендей, мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө, мектептерди курууга, билим берүү тармагын реформалоого салынып жаткан бүгүнкү аракет бир нече жылдан кийин сөзсүз жемишин берээрине ишенем!!!”,-деп белгиледи. 

Муну менен катар облус жетекчиси: “Бүгүн бүтүрүүчүлөрүбүз жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын күтүп жатышат. Алардын алдында кесип тандоо деген чоң милдет турат. Мен сиздерге ата катары кеңеш берээр элем, тестирлөөнүн жыйынтыгы ойдогудай болбой калган күндө да эч качан шагыңарды сындырбай башка варианттарды карап көрүүңөр керек. Турмушта бардык нерсе биз ойлогондой болбойт. Марага жетүү үчүн жыгылсаң да, мүдүрүлсөң да кайра туруп, кадамыңды, аракетиңди өжөрлүк менен улантышың керек. Ийгиликтин ачкычы эмгекте жана аракетте экенин эч качан эсиңерден чыгарбагыла. 

Кесип тандоодо сөзсүз жогорку окуу жайларда  окууга эмес турмушта колдоно турган, коомубузга зарыл болгон кесиптик билимдерди алууга да көнүл буруу зарыл”,-деген пикирин айтуу менен турмуш жолуна кадам коюп жаткан бүтүрүүчүлөргө ата катары ак тилектерин  арнады. 

Салтанаттуу иш чара каалоо-тилектер, бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийлери менен коштолуп,  акыркы коңгуроо кагылды.  

Быйылкы жылы Нарын облусу боюнча 5132 окуучу 9-классты, 3710 окуучу 11-классты ийгиликтүү аяктап жатат. Ал эми Нарын шаары боюнча 665 бала 9-классты, 424 бала 11-классты бүтүрүп, турмуштун даңгыр жолуна кадам коюуда. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.