01

Июнь

2022

Облус жетекчисинен балдарга белек


1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын облусундагы реабилитациялык борборлордо тарбияланып жаткан 150 балага майрамдык таттуу белектерди тапшырды. Ал эми Жумгал районундагы “Нур-Булак” балдар үйүндө тарбияланган 14 балага бут кийимдер алынып берилди. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн майрамдык белектерин орун басары Элмира Садыкова жер-жеринде дарегине жеткирүүдө. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Э.Садыкова Ат-Башы районундагы “Ак-Байрак” реабилитациялык борборунда болуп, балдарды майрамы менен куттуктады. Балдарга кең келечек, узун өмүр каалап, облус жетекчисинин белектерин тапшырды. Ошондой эле аталган борбордун жана бала бакчалардын абалын көрүп, көйгөйлүү маселелерден кабар алды. 

“Ак-Байрак” реабилитациялык борборунун жетекчиси Шайгүл Өмүралиева билдиргендей, аталган борбордо 3 жаштан 8 жашка чейинки 50 балага билим-тарбия берилип келет. Алардын ичинде 14 бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болсо, калганы мигранттардын, жалгыз бой энелердин, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары. Балдарга борбордо күнүнө 8 саат инклюзивдик билим-тарбия берилет. 3 маал тамактанышат. Учурда борбор Социалдык коргоо министрлигинин “Социалдык пакет” программасы жана эл аралык донорлордун колдоосу менен каржыланат. Бүгүнкү күндө борборду мамлекеттин карамагына алуу негизги көйгөйлөрдөн болууда.  

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.