28

Июнь

2022

Абсаттар Сыргабаев: Алыскы айылдагы мектептерди ысык тамакка өткөрүүгө басым жасалат

Бул жылы Жалал-Абад облусунда 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт. Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана “Мерсико” эл аралык уюмунун колдоосу астында ишке ашырылат. 

Бүгүн ага карата облус аймагындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү жана медицина кызматкерлерине окутуу семинары уюштурулган. Демилге “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагындагы беш жылдык долбоор.  

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, программага алгач алыскы аймактагы мектептерди камтуу аракети көрүлөөрүн билдирди. Мында жергиликтүү бийлик жетекчилерине сунушталуучу мектептерди аныктоо, ашканаларын талапка ылайык келтирүү тапшырмасын берди. Мындан сырткары долбоор алкагында жаралган маселелерди ыкчам чечүү менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Программа тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары мектептердин инфраструктурасын жакшыртууга жана тамактануу жайларын эл аралык стандарттарга ылайык жабдууга көмөктөшөт. Ошондой эле ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдерин, ашпозчуларды жана мектеп жетекчилерин окутуудан өткөрөт. Анын башкы максаты балдардын ден соолугун сактоо жана билим сапатын жогорулатуу болуп саналат.

“Мерсико” эл аралык уюму Жалал-Абад облусунда 2017-жылдан тарта иш алып барып, 108 мектеп ысык тамак берүүгө өткөн.