25

Июнь

2022

Куттуу эл- урааны "Манас” Талас форум-фестивалы болуп өттү

24-25-июнда  Талас  облусуна караштуу Кара-Буура   районунун Көк-Сай айылындагы Кочкор-Ата жайыгында, “Куттуу эл- урааны "Манас” аталышында республикалык форум жана манасчылардын, төкмө акындардын   эл-аралык фестивалы  болуп  өттү.
Форум-фестивалга  Туркия республикасынан, Казакстан республикасынын  Орал жана Жамбыл облустарынын  расмий өкүлдөр жана  маданият кызматкерлери конок катары катышты.
Иш чаранын   алкагында Эдуарт Кубатов  баштаган альпинисттер,  деңиз  деңгээлинен 4488    Манас Ата чокусуна   чыгып  Кыргыз Республикасынын Туусун орнотулуп «Манас» айтылды.
Андан соң,  өлкөбүздүн баардык аймактарынан келген  манасчылардын  республикалык  Урааным Манас»   фестивалы башталып 24  саатка  созулду.
25-июнда  «Куттуу  эл-урааным "Манас»  аталышындагы  Талас форуму башталды. Форумду утурлай  Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театры  тарабынан   Айкөл Манас  баатырдын Алтайдан Ала-Тоого келишин  сахналаштырып  форум-фестивалдын  катышуучуларына  тартууланды.
«Куттуу  эл-урааным "Манас»  аталышындагы  Талас форумунда  Кыргыз Республикасынын Президентинин  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Бакытбек Нарбеков,  форумдун  ачылыш сөзүн сүйлөп : “Куттуу эл урааным -"Манас” аталышында  республикалык  форум жана  манасчылардын, төкмө акындардын   фестивалы,  Кыргыз Республикасынын Президентинин  жогоруда аталган Жарлыктарын аткарууну өзүнө  камтыйт.
“Жабыла айтып жакканын кыл” демекчи, бүгүнкү форумда сапаттуу билим берүү, ысырапкорчулук, улуттук баалуулуктар, улуттар аралык мамиле сыяктуу бир нече маселелердин айланасында  “кереге кеңеш жүрөт”  деген  ойдомун.
 Анткени биз,“Куттуу эл” форуму   аркылуу   улуттук каада салтты сактоо  жана өнүктүрүү,  өсүп келе жаткан муунду  мекенчилдикке тарбиялоо,  заманбап процесстерге  активдүү катышуу   менен  бирге  улуттук маданиятты калыптандырууну  максат кылуудабыз. 
Ак мөңгүлүү Ала-Тоосу,  көз жоосун алган керемет жаратылышы, дүйнөдө теңдеши жок  “Манас” эпосу менен төкмөлүк өнөрү бар, ак калпактуу  кут  даарыган элдин  ыйык мекени – Кыргызстаныбыздын түбөлүгү  түз болсун! “ Куттуу эл-Урааным Манас” деди.
Алгачкы куттуктоо сөзү  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовго берилди.  Сүйүнбек Касмамбетов  улуу тарыхка жана санжырага бай болгон уюткулуу улуу журтубуздун   кылымдарды карыткан нарк насили, каада салты, үрп-адаттары тууралуу кеңири баяндама жасады.
Форумда  Кыргыз Республикасынын Баатыры  Алясбек Алымкулов,  Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи  Замир Ракиев  жана  Талас облусунун аксакалдар кеңешинин  төрагасы Мүнүр Мамбеталиев   «Куттуу эл- урааны "Манас»  темасынын алкагында баяндама жасады.
Форумдун аягында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Бакытбек  Нарбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы  Сүйүнбек Касмамбетовго    форумдун резолюциясын   тапшырды.
«Куттуу  эл-урааны Манас» форум-фестивалынын алкагында  Казакстан Республикасынын  Жамбыл  облусунун,   Жамбыл облустук  филармониясынын  жана  Казакстан Республикасынын  Орал облусунан  келген  маданият кызматкерлери  атайын даярдалган «Дала дидары» концерттик программасын  тартуулашты.
 Облус башчысы Бакытбек Нарбеков, Казакстандан  Жамбыл жана Орал облустарынан келген   маданият кызматкерлерине  ыраазычылык билдирип  атайын белектерди ыйгарды. Өз кезегинде Жамбыл облусунун  акиминин орун басары Бакытбек Нарбековго  кыргыз, казак  элдеринин   каада салтына  ылайык  калпак кийгизип чепкен жапты. Ал эми Орал облусунан  келген   коноктор  облус башчысын   «Сырым Дат уулу» атындагы атайын медаль  менен сыйлады.
 Андан  соң “Куттуу эл- урааным Манас” аталышындагы форум фестивалынын алкагында  өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абдылда Нуралиевдин 60 жылдык мааракесине арналган  Республикалык айтыштын  финалдык бөлүгү  тартууланды.
Облус башчысы Бакытбек  Нарбеков,  айтыштын жеңүүчүлөрүнө  диплом жана  акчалай  сыйлыктарды тапшырды.  Айтыштын жалпы байгеси 700 миң сомду түздү.
Ошону менен катар   манасчылардын  фестивалы да аяктап  облус башчысы Бакытбек Нарбеков  «Манас» театрына  автоунаа   белек кылды. Мындан тышкары ар бир манасчыга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Куттуу эл- урааным Манас” аталышындагы форум фестивалынын алкагында  уюштурулган  Салбурун  оюндарынын  жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө  облус башчысы атайын медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Куттуу эл - урааным Манас” аталышында республикалык форум жана манасчылардын, төкмө акындардын   эл-аралык фестивалы  Бишкек шаарынан келген  маданият кызматкерлеринин   гала - концерти менен аягына чыкты.