27

Июнь

2022

Коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Бүгүн, 27-июнда  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков,  коопсуздук чаралары  боюнча  атайын жыйын  өткөрдү.
Жыйынга  Талас шаарынын мэри, район акимдери,  Талас облустук  ички иштер башкармалыгынын  башчысы жана  өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин  райондук бөлүмдөрүнүн  башчылары  катышты. 
Облус башчысы Бакытбек Нарбеков,  бир  күндө  4 адам сууга  чөгүп каза болгонун  өкүнүү менен  белгилеп   жыйындын катышуучуларынан  өрт, сел жүрүү  жана  сууга  чөгүп кетүү кырсыктарын   алдын алуу максатында,  ар бир айыл өкмөттө түшүндүрүү  иштерин   күчөтүүнүн талап кылды. 
Ошондой эле табият кырсыктарынан  сактануу  боюнча маалыматтарды, атайын роликтерди  массалык маалымат  каражаттары аркылуу кеңири   жайылтуу  боюнча тийиштүү  тапшырмаларды берди.