28

Июнь

2022

Нарында "Кыргыз шырдагы - XII" эл аралык фестивалы өтүп жатат

28-июнда Нарын шаарында салтка айланган Эл аралык “Кыргыз шырдагы-XII” фестивалы башталды.. 

Маданий иш чарага республиканын бардык аймактарынан жана Нарын облусунан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр катышууда. Фестивалдын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары “Кыргыз шырдагынын” тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери  жүрүп жатат.

Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат. 

 Фестивалдын ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдун салтанаттуу жүрүшү менен башталды. 

Ачылыш аземде КР Президентинин  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргызстан кол өнөрчүлөр  кеңешинин президенти Жамбы  Карыбекова, Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Кубанычбек Касмалиев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана башка жетекчилер фестивалдын маанисине кенен токтолушту.   

Фестиваль КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин, Соода өнөр-жай палатасынын, Нарын мамлекеттик университетинин жана райондук мамлекеттик администрациялардын, Нарын шаардык мэриясынын биргелешкен аракети менен уюштурулду.


Маданий иш чаранын байге фондуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан 300 миң сом, ал эми уюштуруп өткөрүү иштерине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 75 миң сом акча каражаты жумшалды.


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.