30

Июнь

2022

Жалал-Абадда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын облустук башкармалыгына курулган жаңы административдик имараттын ачылышы болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Япониянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Соичиро Окава, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана ведомстволордун облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Имарат Япония өкмөтүнүн колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын "Кыргызстанда баңгизаттарды көзөмөлдөөгө колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган.

Облус башчысы өз сөзүндө бул аракет баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана калктын баңги заттарга берилишине каршы активдүү аракеттенүүгө шарт түзөөрүн белгиледи. Ошол эле учурдагы региондо, өлкөдө жана дүйнөдөгү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен социалдык-экономикалык, жарандардын бакубаттыгын арттыруу, кризиске каршы чараларды иштеп чыгууга зор салым кошоорун айтты.