30

Июнь

2022

Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн облустук Барпы театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Замира орунбаев, облус аймагындагы медициналык мекемелердин кызматкерлери, тармактын ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада облус башчысынын орун басары өмүр сакчыларынын кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Бүгүнкү майрам алкагында калктын ден соолугун сактоого кошкон зор салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы оорукана имараттарын куруу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, дарыгерлердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында бир катар жакшы аракеттер көрүлүп жатат. Буйруса, бул кадамдар мындан ары да улантылат",–деди Эркин Маматаев.

Майрамдык салтанатта тармактагы алдыңкы кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Учурда Жалал-Абад облусунда 1608 дарыгер, 6100 орто медициналык кызматкерлер эмгектенип келүүдө.