12

Июль

2022

Алты айдын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 12- июнда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын  алты айынын жыйынтыктарына арналган коллегиясы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын алты айынын жыйынтыктарын мезгилдин талабына ылайык заманбап технологиялар форматында баяндап берди.
Баяндамага ылайык:  “2022-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү болгон: айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн (100,5%), өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн (168,1%), кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн (103,8%), чекене соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн (106,9%), автоунаа менен жүк ташуунун көлөмүнүн (11,6эсе), жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмүнүн (110,7%) жана мамлекеттик бюджеттин салык кирешелеринин өсүү темпинин (5,4эсе) өсүштөрүнүн аткарылганы” маалым болду.
Облус жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 24-февралы № 54  “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын   аткарууну күчөтүү   жагын  Талас шаарынын мэринен жана райондун акимдеринен, айыл өкмөт башчыларынан талап кылды.
 Мындан тышкары,  Коллегиянын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында айыл өкмөт башчыларын ротациялоо сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын   Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгы тарабынан, 2022-жылдын 7-июнунан 11-июнуна чейин, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде:
Бакай-Ата районунун  мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары өз тармактарында иш жүргүзүүдө  өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы жана тейлеген тармактарына тиешелүү контролду жүргүзбөгөндүгү үчүн Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Табылдиев Молдалы Жалиловичтин жана орун басары Батырбекова Айгул Абдрасуловнанын кызмат ордуна ылайыктыгын кароо сунушталды. Өз кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы жана айыл өкмөттөрдүн жалпы аткаруучулук тартибине контролдун жоктугу үчүн Манас райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Айнабеков Алымбек Акматбековичтин  ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун мыйзам чегинде карап чыгуу сунушталды.
Коллегиянын  соңунда,  Манас  районунун  Чоң-Капка  айылынын тургундары жаш жубайлар  Чынгыз Айдаралиев менен  врач-невролог  Назгүл Жолдубай кызынын  баш кошкондугуна байланыштуу  50 миң сом  сүйүнчү  “Сертификаты” тапшырылды.   Ошондой эле   окуудагы  алдыңкы жетишкендиктери үчүн  Талас облусу боюнча 17 окуучуга акчалай сыйлыктар  жана  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн  “Ыраазычылык каты” тапшырылды.