20

Июль

2022

Абсаттар Сыргабаев: Ар бир маселе объективдүү каралат

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргон районунундагы жарандарды жеке кабыл алып, көйгөйлөр укту.

Облус башчысы район аймагындагы тургундардын кайрылуулары менен таанышып, бир катар жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жарандарга бардык көйгөйлөр кыска убакыттын ичинде объективдүү каралып, жооптору берилээрин айтты.

Белгилей кетсек, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бир жума бою Базар-Коргон районунундагы жарандардын маселелерин угуп, жеринен таанышууда.