22

Июль

2022

Жалал-Абад облусунда жол оңдоо жумуштары кызуу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак жана Базар-Коргон районундагы жолдордун курулушу менен жеринен таанышып, сапатын көзөмөлгө алды.

Ыйгарым укуктуу өкүл калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында белгиленген обьектилерде жүргүзүлүп жаткан иштерди өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын эскертти. Облус башчысы Базар-Коргон районунун Бешик Жоон айылындагы бир чакырымдан ашуун, Сузак районунун Таш-Булак айылындагы   жолду асфальттоого чейинки даярдыктары, Кашка-Терек-Катыраңкы жолунун үч чакырым аралыгына, Барпы-Ийри-Суу жолунун он чакырымына салынып жаткан асфальттоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Бул жылы республикалык бюджеттен Жалал-Абад облусунда 41 чакырымдан ашуун жолго асфальт басуу каралган. Азыркы учурда анын 13 чакырымында жумуш бүткөрүлдү. Ошондой эле  капиталдык салымдар эсебинен 50 чакырым жолдо иштер уланууда.