25

Июль

2022

Абсаттар Сыргабаев камсыздандыруу жумушун күчөтүүнү тапшырды

Жалал-Абад облусунда турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү аракети күчөтүлдү. Бул багытта Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев уюмдун кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.

 “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнун Жалал-Абад филиалы облус боюнча 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен 10 миң 725 турак жайды камсыздандыруу боюнча келишимдер түзүлдү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миң 858 келишимге көп.

Филиалдын кызматкерлери областын район-шаарлар башчыларына, айыл аймак жетекчилерине жана турак жай ээлери менен түшүндүрүү иштерин улантууда. Облустагы филиалга быйылкы жылга 12 млн сом акча каражатын которуу пландалып, алты айдын жыйынтыгы менен жумуш 140,7 пайызга аткарылды. Облус боюнча бүгүнкү күнгө карата 32 ар кандай табыгый кырсыктар жана өрт  катталып, 24 кырсыктан жабыркаган турак жай ээлерине 4 млн 577 миң 523 сом акча каражаты төлөнүп берилди. Ал эми калган  кырсыктар боюнча тиешелүү иш кагаздары даярдалууда. Алдыда ар бирине жабыркаган деңгелине ылайык акчалай жардам берилет.

Белгилей кетсек турак жайды бир жылга камсыздандыруу шаарларда 1200 сом, айыл жергесинде 600 сомду түзөт. Табият кырсыгы катталган учурда камсыздандыруу уюму айыл жергесинде 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейинки зыяндын ордун толуктап берет. Каражат бөлүү келтириген чыгымдын деңгээлине жараша бөлүнөт.