04

Июль

2022

Ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов биринчи кезекте экономикага көңүл бурулаарын айтты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын облусунун активи менен жолугуп, негизги тармактардагы көйгөйлүү маселелерди укту.

Айрыкча жол тейлөө, өзгөчө кырдаалдар, капиталдык курулуштар, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы маселелерди сурап, акимдердин, мэрдин  программалары, ишке аша турган негизги долбоорлор менен таанышты.

Жаңы дайындалган облус жетекчиси Нарынга үй-бүлөсүнө камкордук көргөн атадай чын ниети менен иштейин деп келгенин айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Эң негизгиси экономика тармагына көңүл бурулаарын айтып, Кум-Төрдөн түшкөн акча каражатын рационалдуу пайдалануу үчүн ар бир район өзүн өзү актай турган бирден экономикалык долбоор даярдоосу зарылдыгын милдеттендирди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.