22

Июль

2022

Нарын шаарына түрк кызматташтыгы менен жаңы бала бакча курулду

 22-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган жана Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирель баштаган түрк делегациясын кабыл алды.


Түрк делегациясы Нарын шаары менен Анкара шаарынын Этимесгут районунун ортосундагы кызматташтык алаканын натыйжасында түрк боордоштор тарабынан Нарын шаарына курулуп берилген бала бакчанын ачылыш аземине чакырылган.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын дал ушул күнүндө, тактап айтканда, 22-июлда Энвер Демирель мырза баштаган түрк делегациясы Нарын шаарында болуп, Нарын шаарына бала бакча куруп берүү убадасын берген. Ошол кездеги облус жетекчиси Аманбай Кайыповдун, шаар мэри Эмилбек Алымкуловдун, шаардык кеңештин депутаттарынын аракети менен шаардын борборунан бала бакча курууга жер аянты чечилип берилип, Этимесгут району менен макулдашууга кол коюлган. Бакчаны бир жылдын ичинде куруп бүтүү пландалган. Тилекке каршы, жумуш башталаар алдында дүйнөлүк пандемия башталып калып, иштин уланышына тоскоол болгон. Кайра облустун кийинки жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен элчиликке, Түркияга каттар жолдонуп, иштер жанданган. Натыйжада 4 жылдан кийин кызматташтык алаканын данакери болгон заманбап бала бакча Нарын шаарынын элине тартууланды.

Жолугушууга мурдагы облус жетекчилери Аманбай Кайыпов менен Эмилбек Алымкулов да катышты.

Баарлашуу учурунда ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов көп эле макулдашууларга, меморандумдарга кол коюлуп, бирок иш жүзүнө ашпай калган учурлар да аз эмес экенин белгилөө менен башталган ишти кагаз жүзүндө калтырбай чыныгы бир туугандык мамиле менен ишке ашырып берген түрк боордошторго терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул ишке салымын кошкон облустун мурдагы жетекчилеринин эмгегин, аракетин баса белгиледи. 

Ал эми Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирель мырза бакчага Түркия республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ата-Түрктүн ысымын ыйгарышканын айтып, келечекте бала бакчадан Ата-Түрктөй лидерлер көп чыгуусун тилек кылды. Ошондой эле бир атанын балдары катары түзүлгөн ынтымагыбыз сөзсүз улантылаарын билдирди.
Мындан кийин кыргыз-түрк достугунун данакери болгон 100 орундуу заман бала бакчанын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү.

Бала бакчанын ачылышында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Энвер Демирель мырзага шаардын социалдык-экономикалык  өнүгүшүнө жана кыргыз-түрк достук мамилесин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн  Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды. Ошондой эле  Энвер Демирелге Кыргызстан менен Туркия  мамлекеттеринин  ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы салтанаттуу тапшырылды.

Туркиянын Кыргызстандагы элчилигине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  Ыраазычылык каты ыйгарылды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.