01

Октябрь

2022

Улгайган адамдарга Президенттин белектери ыйгарылды

Бүгүн, 1-октябрда Улгайган адамдардын күнүно карата Нарын облусундагы 100 жаштан өткөн 17 карыяга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун сый белектери тапшырылды.  

Мындан сырткары Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 100 жаштан өткөн карыяларга 3 миң сом өлчөмүндөгү майрамдык акчалай белектер ыйгарылды. Улуу муундун өкүлдөрүнө Нарын шаардык мэриясы, райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан да майрамдык иш чаралар уюштурулуп, атайын көңүл бурулууда. 
Ошондой эле Социалдык фонд тарабынан облустун ар тармагына эмгеги сиңген 140 ардагерге сый тамак уюштурулду.

Президенттин аманатын аткарып, белектерин дарегине жеткирген ыйгарым укуктуу өкүлдун орун басары Элмира Садыкова карыяларга бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады. Нарын шаарынын тургундары  100 жаштан өткөн карыялар Кулжыгачова Салыйка, Алымбаева Рапия жана Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну Иманалиева Болпош, Жер-Көчкү айылынын тургуну Жумакадырова Шааркан апалар эл башчыларына ак батасын берип узатышты.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 70 жаштан 100 жашка чейинки 8197 адам бар. Алардын 17си 100 жашка чыккандар жана андан улуулар. Карыялардын бардыгы апалар, алардын эң улуусу 108 жашта. Алар Кочкор районунун Туз айылынын тургуну Келдибекова Күлбүбү жана Чолпон айылынын тургуну Шалпыкова Шамшия апалар. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.