14

Октябрь

2022

Нарын районунун Жер-Көчкү айылында жаңы курулган бала бакча ишке кирди

14-октябрь күнү Нарын районунун  Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылында жаңы курулган 50 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилди.

Бала бакча Дүйнөлүк банктын  каржылоосу менен Коомчулукту  инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттиги (АРИС) тарабынан 17 миллион сомго курулган. Анын 455 миң сому айыл тургундарынын салымы. Курулуш ишин "Табан" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзгөн. 

Билим-тарбия уясына айыл элинин демилгеси менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, билим берүү тармагына эмгеги сиңген инсан, маркум Аскар Калыкбековдун ысымы ыйгарылды.

Бала бакчанын ачылыш аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Анара Орозказиева жана Дүйнөлүк банктан долбоордун менеджери Одри Макс айым,  АРИС уюмунун Нарын облусундагы координатору Талант Рысбаев баштаган өкүлдөрү, айыл тургундары катышып, билим-тарбия уясынын акжолтой болуусун тилек кылышты.  Иш чара бөбөктөрдүн концерттик программасы менен көркүнө чыкты.

Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттигинин Нарын облусундагы өкүлү Талант Рысбаев билдиргендей, аталган уюмдун “Айылды инвестициялоо-3” долбоору менен Нарын облусунун аймагында 47 долбоор ишке ашкан. Алардын ичинде Жер-Көчкү айылындагы бала бакчаны кошкондо 5 бала бакча кирген.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.