28

Октябрь

2022

Бакытбек Нарбеков, 12 миллион 187 миң 845 сомго ишке ашкан 3 долбоор менен таанышты

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облустук өнүктрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашкан  айрым долбоорлор менен жеринде таанышты.
Алгач, облус башчысы Кум-Арык айылындагы жатак мектеп интернатынын жылытуу системасын капиталдык оңдоо  иштерин жеринде көрдү. Аталган  максаттарга 4 миллион 515 миң 889 сом акча каражаты жумшалган.Жатак мектептин эмгек жамааты  жана тарбиялануучулары  узак жылдан бери  чечилбей келген маселени   оң чечип бергени үчүн Бакытбек Нарбековго ыраазычылык билдиришти.
Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Чолпон Мамбетов  атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын операциялык блогун капиталдык оңдоо иштери  жеринде көрдү.
Аталган оорукананын директору Нурдин Усупбеков, операциялык блог талапка шайкеш оңдолуп  жаңылангандан кийин дарыгерлердин жумушу кыйла жеңилдегенин айтты. Жалпысынан ремонт иштерине 5 миллион 391 миң 228 сом каражат  сарпталган.
Ошондой эле, Япониянын JICA уюмунун “Чөптөрдүн тамырлары жана адамзат коопсуздугу” программасына долбоор жазып  наркы 116 миң долларлык электрондук оптикалык  "Филиппс"   заманбап медициналык жабдыгын  утуп алганын айтып  облус башчысына  маалымат берди.
Мындан тышкары  АКШнын "COVID-19" долбоорунун алкагында  ӨКМ  аркылуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен  наркы 349 000 долларлык компьютердик томограф келгенин  кошумчалады.Ыйгарым укуктуу өкүл  Нурдин Усупбековго,  жигердүү иш аракети үчүн ыраазычылык билдирди. 
Бакытбек Нарбеков, Талас шаардык Үй-бүлөлүк медициналык борборуна барып таза суу жана канализациялык системасын оңдоо иштери менен жеринде таанышты.  Аталган  максаттарга Талас облустук өнүктүрүү фондунан 2 миллион 280 миң 728  сом  акча каражаты жумшалган.