05

Ноябрь

2022

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин 100 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү

 Бүгүн, 5-ноябрда, Талас районунун Айдаралиев айыл аймагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин 100 жылдык мааракесине  арналган  иш чаралар топтому болуп өттү.
Иш чаранын алкагында Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектепте  мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин музейинин ачылыш болуп өттү.
Ошол эле мезгилде грек рим күрөшү жана улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду. 
 Анда соң  Айдаралиев айыл өкмөттүн маданият үйүндө  “Эмгек Кызыл туу ордендүү Каракол колхозу” аттуу видео тасма   тартууланды.  
Салтанатуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова катышып  мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин өрнөктүү өмүр жолу тууралуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Жыйындын соңунда  Талас облусунун маданият кызматкерлери  тарабынан концертик программа тартууланды.