07

Ноябрь

2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркуловичтин, Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу:

Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен өзүмдүн жана касиеттүү Талас жергесинин жалпы элинин атынан ак дилимден куттуктайм!
Азыр адамдын, коомдун жана мамлекеттин жашоосун маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Күнүмдүк турмушубуз маалымат менен башталып, маалымат менен аяктайт. Кыскасы, бүт дүйнөнү кыймылдатып жаткан - бул маалымат.
Мына ушундай шартта журналисттердин кадыры болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Анткени журналисттер күн сайын ар бир адамдын маанайына таасир этип, коомдук пикирди чагылдырып да, жаратып да турушат. Ушул улуу милдетине жараша журналисттерге чоң жоопкердик да тагылган. Журналистика бир гана далилдүү фактыларга таянууга тийиш. Ошондой эле атайылап коомду козутууну максат кылбаш керектиги кесиптик этикада баса белгиленген. Журналисттин сөзү курч, бирок далилдүү болушу абзел.
Сиздер өлкөбүздө болуп жаткан ар-кандай пикирлерди чагылдыруу менен адамдын турмушун, деги эле дүйнө таанымын өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээсиздер.
Ушул кубанычтуу күнү, алдыга койгон максаттарыңыздар ишке ашып эл жүгүн аркалаган түмөн түйшүктүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!
Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, узун-өмүр, бейпил турмуш каалайм!

Терең урматтоо менен, Бакытбек Нарбеков