07

Ноябрь

2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркуловичтин, 7-8-ноябрь - “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө арналган куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу калайык калк!
2017-жылдан бери 7-8-ноябрь -  “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп жарыяланып, белгиленип келет. “Көзү өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” демекчи, бул күнүн биз,  кыргыз мамлекеттигин түптөп,  анын  калыптанышы жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн  “каруусун казык кылып”  кан-жанын берип, тарыхта татыктуу из калтырып кеткен ата-бабаларды эскерип келебиз.
Кылымдарды карыткан  кыргыз элинин  тарыхынын ар бир доорунда  эр жүрөк, мекенчил уулдары эл-жерибизди душмандардан коргоп бизге эгемедүү  Кыргызстанды  түптөп берди.
Андыктан, кыргыз эли, кыргыз мамлекеттүүлүгү  үчүн жанын курман кылган ата-бабаларыбызга түбөлүк таазим этип, алар түзүп берген жаркын жашообузду, эгемендигибизди, мамлекетибизди көздүн карегиндей аздектеп, кийинки урпактарга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз!
Ар дайым күнөстүү  өлкөбүздө бейпилдик өкүм сүрүп, элибиздин дени сак болуп,  сүйүктүү мекенибиздин  өсүп-өнүгүүсүнө ар бирибиз салым кошо берели!
Терең  урматтоо менен,                                                           Бакытбек Нарбеков