15

Ноябрь

2022

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын республикалык фестивалы өттү

Бүгүн Жалал-Абад облусунда республикалык масштабдагы “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өткөрүлдү.

Иш-чарага облус аймагынан келген 200дөн ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, ыр-бий, спорттун жети түрү боюнча күч сынашты. 

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, мамлекет менен коом ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди ар тараптан колдоо саясатын мындан ары да арттырарын билдирди.

-“Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарыбызды туш келген көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан, аларды эмгечил, алдыга максат кое билген, өжөр жана кайратман адамдар катары тааныйбыз. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда  42 миң 634 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бар. Алардын ичинен бала кезинен майып балдар 8 миң 274тү түзөт. Жарандарыбыздын  жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл борборунда. Бул коомубуздун негизин түзгөн асыл наркыбыз”,–деди А.Сыргабаев.

Республикалык фестиваль “ДМЧ- ЛОВЗ” коомдук фонду тарабынан демилгеленип, облустук бийлик тарабынан уюштурулган. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар, диплом жана медалдар тапшырылды. Саамалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол эмгектери коюлган жарманке менен коштолду.