14

Ноябрь

2022

Ак-Талаа районунда жаңы пилоттук долбоор ишке ашат

Жакында Ак-Талаа районунда Жашыл климат фондунун каржылоосу менен Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу токой чарбасын жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча ири пилоттук долбоор ишке ашат. 

Бул боюнча кечээ, 14-ноябрда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, аталган пилоттук долбоордун мөөнөтү 8 жыл. Жалпы суммасы республика боюнча 50 миллион долларды түзөт. Долбоорго алыскы, тоолуу аймактар киргизилет.  

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Элмира Садыкова жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Экономика жана региону комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Турганбаева бул долбоор абдан керектүү экендигин, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов тарабынан да Жашыл климат фондуна ири долбоор сунушталып жатканын билдирип, Ак-Талаа районунда ишке ашуучу пилоттук долбоорду облус жетекчилиги менен кеңешип, багыттарды биргелешип тандап алууну сунушташты. 

Мындан сырткары жолугушууда буга чейин БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен ишке ашып жаткан долбоорлор, Ага Хан фонду менен кызматташтык алака жана башка маселелер каралды. 

Жолугушууга катышкан Ага Хан фондунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Давлатсултан Доргабекова облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун сунушу  менен айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, климатты сактоо максатында Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине жана Нарын мамлекеттик университетине эки чакан токой чарбасы курулаарын, буюрса жаз алды менен 20 түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулаарын маалымдады. 

Иш чарага БУУнун Дүйнолүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы башкы кеңешчиси Ричард Муди мырза. MSDSP KG коомдук фондунун Нарындагы филиалынын директору Жылдыз Сулейманова жана башкалар катышты.    
 КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.