13

Ноябрь

2022

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси болуп өттү

Бүгүн, 13-ноябрда  Талас шаарындагы Байдылда Сарногоев  жана Акматбек Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевге арналган  эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, бир катар мамлекеттик коомдук ишмерлер жана акын-жазуучулар катышты. Андан соң Капар .Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма-театрында Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш- чара орун алды. Алгач Байдылда Сарногоевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган  даректүү видео тасма көрсөтүлдү.
Ошондой эле, Капар .Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма-театрынын артисттери тарабынан даярдалган атайын сахналаштырган пролог тартууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Бакытбек Нарбеков өз куттуктоо сөзүндө: ““Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн” деп акын өзү баса белгилеп   айткандай, Байдылда Сарногоевдин ырлары эң ириде кыргыз элинин каада-салтын, көөнөрбөс баалуулуктарын  жана  кыргыздын рухун  өзүнө  сиңирген элибиздин  жан дүйнөсүнө, кыргыз элинин  мүнөзүнө шайкеш саптар  менен  берилген. Ал кыргыздын  ооз эки  жана  төкмөлүк өнөрүнө жакын  болуп улуттук колоритти  сактап, өзүнүн  Жараткан берген шык жөндөмүнө салып шөкөттөп,  сезими, жан дүйнөсү менен  туюп анан кайра элге  ыр  кылып сунган  кыргыз менен каны- жаны бир акын” деди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Түмөнбай Колдошев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек  Абдыкадыров  жана  акын жазуучулар  сөз сүйлөп Байдылда Сарногоевдин  өмүр жана чыгармачылыгы  тууралуу  эскерүү сөздөрүн айтты.
Салтанаттуу иш чаранын алкагында, Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атындагы акын-жазуучулардын республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү атайын  төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Соңунда Байдылда Сарногоевдин сөзүнө  жазылган обондуу ырлардан турган концерттик программа тартууланды.