22

Ноябрь

2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
 Прокуратура – инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргогон маанилүү мамлекеттик институт. Коомубуздагы мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышынын кепили.
Өлкөдө мыйзамдардын так сакталышын камсыз кылуу, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугу, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин коргоо сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана ишиңиздерге чындап берилгендигиңиздер аркылуу ишке ашып келүүдө.
Түзүлгөн мезгилден тартып ушул күнгө чейин прокуратура –Кыргызстандагы мамлекеттик бийлик тутумундагы маанилүү институттардын бири болуп келет. Прокуратура органдары мамлекеттин атынан мыйзамдарды аткарууга жогорку көзөмөл жүргүзүү менен, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого чоң салым кошууда.
Прокуратура органдарынын  мыйзамга негизденген так ишмердиги гана  укуктук мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кыла алат.
Сиздерге жана жакындарыңарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана мыйзамга кызмат кылуудагы жооптуу ишиңерге ийгилик каалайм!