23

Ноябрь

2022

Ноокен районунда жаңы калкты тейлөө борбору курулду

Ноокен районунун Масы айылында заманбап калкты тейлөө борбору курулуп, азыркы учурда жумуштардын 95 пайызга жакыны аяктап калды. Ал райондун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 24 млн сом акча каражаты жумшалган.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин курулуш иштери менен таанышты. Өкүл жергиликтүү бийликке жумуштарды сапаттуу бүткөрүүнү жана бардык керектүү шарттарды камсыздоону тапшырды.

Калкты тейлөө борборунда электрондук кезек түзүү залы, мамлекеттик нотариус, ЗАГС бөлүмү, эне жана балага ылайыкташкан бөлмөлөр уюштурулган. Имаратты декабрь айында пайдаланууга берүү пландалган. Мекеме ишке кирсе Ноокен районунун 148 миңден ашуун калкын ыкчам тейлөө мүмкүнчүлүгү жаралат.