23

Ноябрь

2022

Абсаттар Сыргабаев Кара-Дарыядагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы №18 Азимжан Караев жана №68 Карим Сартбаев атындагы орто мектептердин абалын көрүп чыкты.

Аталган билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн класстык бөлмөлөр жетишсиз болуп, ӨКМдин чечими менен авариялык абалда деп табылган. Азыркы учурда эскилиги жеткен имараттарда толук кандуу билим берүүдө көйгөйлөр жаралып келет.

Абал менен жеринен таанышкан облус башчысы №18 Азимжан Караев атындагы орто мектебине кошумча имарат салуу, ал эми №68 Карим Сартбаев орто мектебин жаңылоо боюнча, келээрки жылдагы курулуштардын титулдук тизмесине кошуу аракети көрүлөөрүн билдирди. Эки мектепте жалпы 700дөн ашуун бала билим алат.