24

Ноябрь

2022

Сузактын Курманбек айылында мектеп имаратынын курулушу башталды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы №109 К. Осмонов атындагы орто мектебинин курулушуна капсула салды.

Аталган айылдагы мектепке болгон муктаждык өткөн жылы Президен Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлгөн. Ага ылайык, өлкө башчысы жаңы мектептин курулушун  жеке көзөмөлүнө алган. Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 орунга ылайыкташкан. Каражат республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик наркы 56 млн 862 миң сомго бааланган. Мектептин курулушун 2023-жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалган. 

Буга чейин эскилиги жетип, беш жылдык билим берип келген мектепте 139 окуучу бар. Облус өкүлү курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдө болоорун айтып, мектепти 11 жылдык жалпы билим берүүгө өткөрүү аракеттери көрүлөөрүн билдирди.