01

Декабрь

2022

Он айдын отчету алынып, тапшырма берилди

Райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдери жана Токмок шаарынын мэри 10 ай ичинде бардык тармактар боюнча аткарылган иштер тууралуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет беришти.
Облус жетекчиси Нурил Алымбаев аймактарда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен таанышып, район башчыларына жана Токмок шаарынын мэрине чакан бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча ар бир айыл өкмөт башчысына тапшырма берүү, санариптештирүү, туризм тармагын өнүктүрүү, ирригация тутумун жакшыртуу, жана башка тармактарда аткарылып жаткан иштер мындан да жакшы жыйынтык берүүсү керек экендигин белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.