22

Декабрь

2022

Суусамыр айылында бүткөрүлүп жаткан курулуштар

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Суусамыр айылына болгон жумушчу сапарынын алкагында айылдык маданият үйүнүн, Суусамыр дарыясына курулуп жаткан көпүрөнүн курулуш иштери, ошондой эле Токойлуу участогундагы кемпингдин имараты менен таанышты.
Суусамыр айылындагы маданият үйү 1992-жылдагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен жараксыз абалга келген. Ошол убактан бери атайын имарат болбогондуктан, элдин, айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде 2019-жылы Суусамыр айылында 200 орундуу жаңы маданият үйүнүн имаратынын курулуш иштери башталган. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, долбоордун жалпы суммасы 19254,6 миӊ сомду түздү. Учурда 7500,0 миң сом өздөштүрүлүп, имараттын эки кабатынын дубалдары көтөрүлүп, чатыры жабылды.
Суусамыр айыл аймагына караштуу Тунук жана Кайсар айылдарынын ортосундагы Арамза жайлоосуна бара жаткан жолдогу Суусамыр дарыясына курулган көпүрө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министрлиги аркылуу 23,0 млн.сомго салынып, 2017-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген. Суусамыр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнүн негизинде көпүрөнүн жээгин суу жеп, 2021-жылдын 26-августунда салынган көпүрөнүн бир тирөөчүнүн астын суу жууп кетип, бир секциясы сууга кулап түшүп, Суусамыр-Арамза жол каттамы жабылып калган. Аталган көпүрөнү калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, 2021-жылдын 16-ноябрынан тартып оңдоп-түзөө иштери башталып, жерине 2 даана экскаватор, 3 кран 75 тонналык, 5 даана ХОВО тартылып, көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө аба ырайынын шарттарына байланыштуу жумуш убактылуу токтоп турат.
Суусамыр айыл аймагынын Токойлуу участогунда жалпы суммасы 15583,5 миң сомго (АРИС — 15083,5 миӊ сом, ЖБ — 500,0 миң сом) жол четиндеги станциянын имараты (кемпинг) курулду. Аталган кемпингде туристтер үчүн бардык шарттар каралган (дүкөн, дарыкана, эне жана бала үчүн бөлмө ж.б.)