16

Декабрь

2022

Экономикабызды көтөрүүдө мал санак өнөктүгүнүн мааниси чоң

Учурда Нарын облусунда ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун буйругуна ылайык, облустун аймагындагы малды жана үй канаттууларын эсепке алуу иш чарасы кызуу жүрүп жатат. 
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында башталган мал санак өнөктүгү 25-декабрга чейин улантылат. Ал эми мал санактын так жана сапаттуу жүргүзүлгөндүгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн алдында түзүлгөн комиссия тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, 26-декабрдан 10-январга чейин кайра текшерүү иштери жүргүзүлөт. 

Бүгүн, 16-декабрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономиканы жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Турганбаева баштап ветеринария, статистика, райондук администрация  кызматкерлеринен турган комиссия мүчөлөрү Нарын районунун Миң-Булак айылынын Кереге кыштоосунда жүрүп жаткан мал санак өнөктүгүнө катышып, уй, жылкыларды индентификациялоо иштеринин, мал санактын абалынан жеринде кабар алышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, облус боюнча 2022-жылдын 1-январына карата 199 миң 772 баш ири мүйүздүү мал, 1 миллион 116 миң 872 баш кой-эчки, 137 миң 847 баш жылкы,  210 миң  891 баш үй канаттуулары катталган. 2021-жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 12523 башка же 106,7%, кой-эчкилер 12761 башка же 101,4%, жылкылар  6203 башка же 104,7%, үй канаттуулары  3825ке же 101,8%  көбөйгөн. Быйылкы жылы мал эсеби мындан да көбөйөөрү күтүлүүдө.  

Малдын башы жыл сайын өсүп жаткандыгына карабай жайыт акыларын чогултуу 2016-жылдын бери 24 миллион сомдон ашпай келүүдө. Ошондуктан учурда жүрүп жаткан мал санак өнөктүгүнүн мааниси чоң. Малдын так эсебин алуу облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгелеген реформанын ишке ашуусуна өбөлгө болуучу негизги иш чаралардан. Себеби мал санактын жыйынтыгы менен жайыт акыларынын көлөмү аныкталат. Реформанын негизинде буга чейин коомдук уюмдар чогултуп келген жайыттардан, ичүүчү жана сугат сууларын пайдалануудан, таштандыдан түшкөн акыларды чогултуу функциясы айыл өкмөтүнө берилип, түшкөн каражатты  айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, жергиликтүү жол, суу, көпүрө жана башка маселелерди чечүүгө жумшоо шарты түзүлөт. Эң негизгиси айыл өкмөттөрүнүн дотациядан чыгуусуна өбөлгө болмокчу.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.