21

Декабрь

2022

Нарында коомдук уюмдардын кызматын реформалоо долбоору башталды

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен жаңырган жыл ичинде Нарын облусунда жайыттарды комплекстүү башкаруу жана уюштуруу, калкты таза суу, сугат суусу менен камсыздоо жана таштандыларды чыгаруу кызматтарын реформалоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашат. 

Себеби жайыт комитеттери, суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА), ичүүчү суу пайдалануучулардын коомдук бирикмелери (ИСКАКБ) коомдук уюм болгондуктан мамлекет аларга түздөн түз таасир бере албайт, ал уюмдар дагы өз кезегинде элге таасир бере албай, жоопкерчиликти толук моюнуна албай келүүдө. Аталган коомдук уюмдар бүгүнкү күндө жайыттардын, ичүүчү жана сугат сууларынын акыларын элден жыйнап, бирок жыйналган каражатты жайыттарды оңдоого, ички чарбалык каналдарды жакшыртууга максаттуу жумшабай, ал жумуштар кайра эле айыл өкмөт тарабынан жасалып жатканы белгилүү. 

Реформанын негизинде жайыт комитети, ичүүчү суу пайдалануучулардын коомдук бирикмеси, суу пайдалануучулар ассоциациясы, тазалык сыяктуу коомдук уюмдардын төлөмдөрдү чогултуу укуктары айыл өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилет. Ар бир айыл өкмөттө муниципалдык ишканалар түзүлөт. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен жергиликтүү бюджетке каражат түшүрүп, аны менен айыл аймактарынын жол, суу, көпүрө жана башка чарбалык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу милдети турат. 

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдында 4 жумушчу топ түзүлүп, учурда Жол картасын даярдап жатышат. Буюрса жаңырган жыл ичинде долбоор толугу менен жүзөгө ашаары күтүлүүдө.    

Бүгүн, 21-декабрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, райондордун акимдеринин, айыл өкмөттөрүнүн жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле калкты таза, сугат суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана жайыттарды комплекстүү башкаруу жана уюштуруу боюнча түзүлгөн жумушчу топтордун жетекчилеринин баяндамалары угулду. 

Жыйында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов : “Нарында 2023-жылы чоң пилоттук долбоорду ишке ашырганы турабыз. Бул жыл биз үчүн секирик жыл болушу керек. Биздин жайыт комитеттерин, суу пайдалануучулар ассоциацияларын, ичүүчү суу пайдалануучуларыдн коомдук бирикмелерин, таштанды чыгаруучу уюмдарды ирээтке келтирели деген сунушубуз жетекчилик тарабынан колдоо тапты. Акыркы 3 жылда малдын башы көбөйгөнү менен жайыт акыларынын көлөмү облус боюнча 24 миллион сомдон ашкан эмес. Жайыттарга барчу жолдорду, суу жеп кеткен көпүрөлөрдү оңдоо, жайыттардын абалын жакшыртуу маселелерин жайыттар комитети жүргүзүшү керек эле. Бирок бул жумуштар кайра эле айыл өкмөттөрү тарабанан жасалууда.  Ошондой эле бир кездерде колхоз, совхоздордо калган каналдардын бардыгы коомдук уюмдарга - суу пайдалануучулар ассоциацияларына өтүп кеткен. Нарын облусунда 51 СПА болсо 10у гана иш алып барат.  Калгандарынын карыздаы бар. Акча төлөмдөрүн чогултуу маселеси оор. Коомдук башталышта болгондон кийин булардын элге да таасири анча болбойт экен. Каналдарды тейлөө маселеси каралбай калып атат. Бул 5-6 жылдан кийин мамлекетибиз үчүн трагедияга айланат. Ошон үчүн биз алдын ала иш чараларды жүргүзүп ирээтке келтиришибиз керек”,-деп белгиледи. 

Жыйында жайыт акыларын, ичүүчү жана сугат сууларына болгон төлөмдөрдүн бирдиктүү тарифин иштеп чыгуу маселеси да талкууланып, райондордун акимдерине, айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.