16
Март
2026
Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Пирназаров Марат Туголбаевич Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.