21

Апрель

2026

Адистештирилген транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, таануу белгилерин, үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, таануу белгилерин, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документте токтомду ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген штаттык санынын, тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылаары белгиленди.