22

Апрель

2026

Некролог – Сулайманов Мурат Асангазиевич

Терең кайгыруу менен Мурат Асангазиевич Сулаймановдун дүйнөдөн кайткандыгын кабарлайбыз. Ал кадыр-барктуу жетекчи, жогорку деңгээлдеги кесипкөй, өз өмүрүн элге кызмат кылууга арнаган, сүйгөн ишине ак ниеттен берилген, адамдык бийик сапаттары менен айырмаланган асыл инсан эле.

Мурат Асангазиевич 1960-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында туулган. Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, эмгек жолун “Сетунь” заводунда мастер болуп иштөөдөн баштаган. Совет мезгилинде комсомол тармагында көптөгөн иштерди аткарып, “Ала-Тоо” өндүрүштүк бирикмесинин комитетинин катчысынан тартып, Фрунзе шаардык ЛКСМ комитетинин экинчи катчысы кызматына чейин көтөрүлгөн.

2000-жылдары М. Сулайманов узак убакыт Финансы министрлигинде эмгектенип, Министрликте Аппараттын жетекчиси болуп иштеген. Көп жылдар бою “Газпромнефть Азия” ЖЧКсында техникалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары болуп иштеп, Кыргыз Республикасынын күйүүчү май коопсуздугун чыңдоого жана мунай продуктуларын камсыздоо тармагын жаңылоого чоң салым кошкон.

М. Сулайманов өзүнүн эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн республиканын энергетика жана газ тармагын өнүктүрүүгө арнаган. 2014-жылдан тартып “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсында оңдоо жана капиталдык курулуш боюнча башкы директордун орун басары болуп иштеп, кесиптештеринин, өнөктөштөрүнүн терең урмат-сыйына ээ болгон.

Анын жетекчилиги алдында газ бөлүштүрүү тармактарын өнүктүрүүгө, газ менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жүз миңдеген кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылган. Ал жаңы турак жай массивдерин жана калктуу конуштарды кеңири газдаштыруу иштерине түздөн-түз катышып, ар бир ишине тажрыйбасын, билимин гана эмес, Мекендин келечегине болгон чыныгы камкордугун кошкон.

М. Сулайманов – сабырдуу, токтоо жана ишине жоопкерчиликтүү адам эле. Ал ички маданияты, адамдарга болгон сый-урматы, уга билүү жана салмактуу чечим кабыл алуу жөндөмү менен айырмаланып турчу. Ал катуу сөздөргө умтулбай, өз позициясын аракеттери жана кылган ишинин жыйынтыгы менен далилдөөнү туура көрчү. Аны айланасындагылар ишенимдүү, адилеттүү жана камкор адам катары билишкен.

Ал ошондой эле спортту жана сергек жашоо образын колдогон – узак убакыт Кыргыз Республикасынын стол тенниси федерациясынын жетекчилигинде иштеп, анын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон.

Ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ага “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси, салык жана бажы кызматтарынын, энергетиканын жана дене тарбиянын отличниги болгон.

Мурат Асангазиевичтин дүйнөдөн кайткандыгы – үй-бүлөсү, жакындары, достору, кесиптештери жана жалпы кесиптик чөйрө үчүн орду толгус жоготуу болду. Аны менен чогуу иштеген, таалим алган жана анын адамгерчилигин, ишине берилгендигин баалаган адамдардын жүрөгүндө элеси түбөлүк сакталат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин, жалпы Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын атынан Сулайманов Мурат Асангазиевичтин жакын туугандарына, үй-бүлөсүнө анын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

А.А. Касымалиев, Д.Ж. Амангелдиев, Э.А. Акунбеков, У.Э. Маматканов, А.С. Кадыралиев, Б.Э. Төрөбаев, Т.О. Ибраев, Б.Т. Сыдыков, Р.М. Суйналиев, А.К. Бакетаев, Б.Ж. Кудайбергенов, Б.Е. Абилдаев жана башкалар.