15

Май

2026

«Ачык кабинет» долбоору: Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы жумалык иш-чаралардын графиги

Бишкек, 2026-жылдын 15-майы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорун ишке ашырууну улантууда. Алдыдагы жумада аткаруу бийлигинин негизги кызмат адамдары массалык маалымат каражаттары менен ачык өз ара аракеттенүү форматында иш күнүн өткөрүшөт.
18-май: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын иш күнү
Дүйшөмбү күнү, 18-майда, МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев долбоордун алкагында «Биринчи радионун» түз эфирине, Ынтымак Ордодо массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-завтракка катышат, андан ары журналисттер менен Чүй облусуна чыгуу болот. Мындан тышкары, журналисттер Президенттин Администрациясындагы эки жумушчу кеңешмеге катыша алышат.
19-май: Экономика жана коммерция министри менен күн
Шейшемби күнү, 19-майда, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өзүнүн иш күнүн журналисттердин коштоосунда өткөрөт. Экономика жана коммерция министринин күн тартибинде ЖМК өкүлдөрү менен бейформал диалог, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга жана башка иш-чараларга катышуу бар. Программа жана аккредитация тууралуу толугураак маалыматты ведомствонун басма сөз кызматына кайрылып билсеңиз болот (0 999 991610).
22-май: Бишкек шаарынын мэри менен күн
Жума күнү, 22-майда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы «Ачык кабинет» долбооруна катышып, борбор шаарды өнүктүрүү жана шаардын актуалдуу маселелери боюнча өз ишин тартуулайт. Программа жана аккредитация тууралуу толугураак маалыматты ведомствонун басма сөз кызматына кайрылып билсеңиз болот (0551315615).
ЖМКны аккредитациялоо үчүн маалымат: • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин иш күнүн чагылдыруу үчүн:
• Аккредитациянын мөөнөтү: 2026-жылдын 15-майы, саат 17:00гө чейин., тел.: +996 998 882222.

 «Ачык кабинет» долбоору мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана коомчулукту аткаруу бийлигинин иши жөнүндө маалымдоого багытталган.