16

Май

2026

Данияр Амангельдиев KazanForum 2026да: Кыргыз Республикасы диалогго, инвестицияга жана жаңы демилгелерге ачык

Казан, 2026-жылдын 15-майы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Россия – Ислам дүйнөсү: Kazan Forum» XVII Эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү. Сессиянын темасы — «Картадагы чекиттерден өсүү чекиттерине: технологиялык жана финансылык демилгелерди бириктирүү». 

Данияр Амангельдиев өз сөзүндө Kazan Forumдун жана жеке өзү Татарстандын Раиси Рустам Миннихановдун Россиянын Ислам дүйнөсү менен байланышын чыңдоодогу негизги ролун белгиледи. Республиканын туруктуу оң өнүгүү динамикасы жөнүндө айтып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДӨсүнүн реалдуу өсүшү 11%дан ашканын, ал эми өнөр жай секторунда 119 жаңы ишкана ишке киргизилгенин билдирди. 

МинКаб башчысынын биринчи орун басары инвестициялык мыйзамдардын сапаттуу жаңыланышы жөнүндө билдирди. 2025-жылы инвесторлордун укуктарын коргоого жана ачык-айкындуулукка багытталган жаңы мыйзамдар кабыл алынган. IT-секторунун ийгиликтерине өзгөчө көңүл бурулду. Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгүнүн аркасында IT-кызматтарынын экспорту акыркы 10 жылда 45 эсеге көбөйдү. 

«Өнүктүрүүнүн төрт артыкчылыктуу багыты аныкталды: индустриализация, айыл чарбасы жана туризм, транспорттук-логистикалык хабды түзүү жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү, санариптештирүүгө жана технологиялык модернизацияга басым жасоо менен», - деди ал.

Данияр Амангельдиев Ысык-Көл облусунда «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү тууралуу жарыялап, өлкөнүн негизги транзиттик түйүн катары өнүгүшүн баса белгиледи. Ошондой эле экологиялык таза адал продукциянын экспортун кеңейтүү ниети белгиленди.

«Кыргыз Республикасы диалогго, инвестицияга жана жаңы демилгелерге ачык. Биз ишенимдүү өнөктөш болууга жана Евразиянын жана ислам дүйнөсүнүн калыптанып жаткан жаңы экономикалык архитектурасынын активдүү катышуучусу болууга даярбыз», - деп жыйынтыктады ал.